“Укук таануу” жана “Укук коргоо иши” адистиктерине конок лекция

2023-02-21 16:34:27 157

2023-жылдын 20-февраль күнү “Укук таануу” жана “Укук коргоо иши” адистиктеринин студенттерине “Кылмыш-жаза укугу предметинен “Адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар” деген темада конок лекция өткөрүлдү. Конок лекцияга Ош шаарынын сотунун төрагасы Кудаяров Жолборс Жээнбаевич жана ОшМУнун Юридика факультетинин улук окутуучулары Сулайманова Бактыгул Кубанычбековна, Турсунбаева Чолпон Манасовна, Эргешов Айтмамат Момунович катышты. Лекциянын жүрүшүндө студенттер тарабынан суроолор берилип, талкуу кызуу жүрдү. Конок лекция Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучусу Кудайберди уулу Дурусбек тарабынан уюштурулду.