Кайрымдуулук иш чарасы өттү

2023-02-24 17:02:34 180

ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин окутуучусу Райимбердиева Жаннат Курманбековна куратордук ФКК-11-1-21 тайпасы менен 2023-жылдын 22-февралында кайрымдуулук иш чарасын жасап келишти. Иш - чара эки максат менен жүргүзүлдү: 1. Жеринен тарбиялык саат өтүү менен материалдык жардам көрсөтүү; 2.Каржылык натыйжалуулукту башкаруу дисциплинасынын алкагында ишкананын тиешелүү каржылык жооптуулары менен баарлашып, анализ берүү менен, натыйжалуулугуна баа берүү. Ош шаарындагы жайланышкан "Боорукердик" үй-интернатындагы карыялар жана балдар менен болгон маек кызыктуу жүрдү. Директору Калматова А.К. карыялар жана балдар жөнүндө маалымат берип, каржы жаатында берилген бардык суроолорго жооп берди. Карыялардын батасын алуу менен иш чара максатына жетти.