"Кыздардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүү адеби жана тартип бузуулардын алдын алуу"

2023-03-01 11:04:01 129

2023-жылдын 28- февралында Финансы - юридикалык колледжинин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тойчубекова Гулдана жана аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы Акибаткан тарабынан 1- курстун кыздарына " Кыздардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүү адеби жана тартип бузуулардын алдын алуу" аттуу жыйын өткөрүлдү. Аталган иш - чарага “Ак-Буура” аймактык милиция бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын майору Касымбекова Айниса Хасанбаева жана тайпанын кураторлору катышышты. Жыйында милициянын майору Айниса Хасанбаева кыздарга түшүшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү жана тартип бузуулар учурунда көрүүлүчү чаралар боюнча кеңири маалымат берип өттү. Жыйындын жыйынтыгында студент кыздар тарабынан милициянын майору Айниса Хасанбаевага эжекеге бир нече суроолор берилип, пайдалуу көптөгөн маалыматтарга ээ болушту.