Конок лекция

2023-03-24 07:55:00 126

Бухгалтердик эсеп жана салык ПЦКсында окуу жылдын башынан бери бир нече конок лекциялар болуп жатат. 14-март күнү экинчи ирет Байкол курулуш компаниясынын башкы бухгалтери, Ү.Н.Момунов аталган бөлүмдөгү адистер үчүн “Финансылык отчеттор”- деп аталган теманын алкагында лекция өтүп берди. Лекция учурунда он-лайн форматта кантип отчетторду тапшырууну жана ишкананын финансылык отчеттуулугун 1С программада көрсөтүп берди. Лектор бир нече чарбалык орерацияларды аткарып, программада студенттер практика жүзүндө көрө алышты. Конок лекциянын уюштуруучулары Т.Ө.Атантаев жана Б.Ж.Файзуллаев болду.