Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүндө ачык сабак өтүлдү.

2023-03-29 11:32:21 137

29-март 2023-жылы Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүнүн окутуучусу Ж.Ташалиева ФКК-11-1-21 тайпасына, финансылык чарбалык ишмердүүлүккө талдоо жүргүзүү дисциплинасынан, өндүрүштү жана сатууну талдоо, - деген теманын алкагында 205 каанада жыйынтыктоочу ачык сабак өттү. Сабак кызыктуу жана жандуу болду, анткени жыйынтыктоочу сабак болгондуктан, дисциплинадагы баардык темаларды кайталашты. Тайпадагы студенттердин активдүулүгү жана билиминин жакшы экендигин студенттер тастыктай алышты.