Бизнес-проекттер конкурсу

2023-04-01 05:20:18 122

30.03.2023 күнү Финансы-юридикалык колледжинин Финансы жана банк иши ПЦКсы жана Абдилайып уулу Өмүрбек тарабынан уюштурулган Финансы адистигинин 3-курсунун студенттеринин арасында “Бизнести пландоо” дисциплинасы боюнча бизнес-проекттердин сынагы болуп өттү. Комиссиянын курамында э.и.д., профессор Бизнес жана менеджмент факультетинин “Ишкана экономикасы жана башкаруу” кафедрасынын башчысы М.Б.Убайдуллаев, ФЮКтун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан КБнын эксперти С.С.Сооронбекова о.э. жеке ишкер Сүйүнтбек уулу Эрнис болушту. Сынакка жалпысынан 16 команда катышып өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү. Аягында эн мыкты делген 3 жеңүүчү (“Шокаладное мороженое”, “Дос”, “МД студио”) командаларына I,II,III даражадагы дипломдор жана белектер тапшырылды. Калган катышуучулар “мактоо баракчалары” менен сыйланды.