Укук таануу жана укук коргоо ишмердуулугу болуму тарабынан конок лекция откорулду

2023-04-11 04:12:56 102

2023-жылдын 10-апрель күнү “Укук таануу” адистигинин студенттерине "Чет мамлекеттердин жана укуктун тарыхы" предметинен "Орто кылымдагы Англиянын мамлекет жана укук тарыхы" деген темада, юридика илиминин кандидаты, доцент, “Кыргызстандагы юристер” ассоциациясынын филиалынын директору, Салия Женишбековна Тайлакова кызыктуу конок лекциясын тартуулады жана студенттерди кызыктырган суроо-жооптор талкууга алынып, активдүү катышкан студенттерге, өзүнүн жеке библиотекасынан юридикалык сөздүк жана “Юрист” адисине тиешелүү китептерди белекке алышты. Конок лекцияны "Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү" бөлүмүнүн окутуучусу Юсупова Гүлмира Махмудовна тарабынан уюштурулду