Финансы-юридикалык колледжинин ата-энелер конференциясы -2023"

2023-04-17 07:01:23 114

ФЮКтун ата-энелер конференциясы -2023"-келген ата-энелер залга батпай калышты... 2023-жылдын 14- апрель күнү окуу жайдын чакыруусу менен 1-курстун ата-энелери Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын бардык райондорунан жолугушууга келишти. Аталган иш-чара саат 10:00дө башталды. Конференциянын программасына ылайык тарбия багытындагы кызыктуу докладды 1-курстар боюнча директордун орун басары, э.и.к. Г.К. Тойчубекова окуп, келген коноктор менен эркин түрдө суроо-жооп алып баарлашты. Мындан сырткары,студенттердин жан дүйнө кыйкырыгын чагылдырган жана СЮРПРИЗ аттуу (ата-энелер менен балдарынын ортосундагы жылуу мамилени чагылдырышты) сахналык көрүнүштөр студенттер тарабынан тартууланып, конференциянын аягында билими жана үлгүлүү жүрүм-түрүмү менен өзгөчөлөнгөн студенттердин ата-энелерине директор Н.Ж. Исаков ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТтарын тапшырды. Жыйынтыгында, окуу жайда окуп жаткан студенттердин ата-энелери конференция абдан кызыктуу болгонун, мындан кийин да ушундай иш-чаралар болуп турса активдуу катышаарын баса белгилешип, өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторун алышты жана сунуштарын аткеталар аркылуу билдиришти. Келген ата-энелердин саны абдан көп болгондуктан окуу жайдын актылык залына батпай калышты жана 1 сааттан ашуун тикеден -тик туруп конференциянын программасына күбө болушту.