УКУК ТААНУУ ЖАНА УКУК КОРГОО ИШМЕРДУУЛУГУ БӨЛҮМҮНДӨ ТЕГЕРЕК СТОЛ

2023-04-24 10:27:02 191

ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин "Укук таануу жана Укук коргоо иши" бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан 20-апрель күнү "Адам укугу жана кадыр баркы" деген темада тегерек стол уюштурулду. Баяндамачылар: Ош шаардык кенешинин депутаты Абдыманапов М., жаш активист Аскарбекова А, адвокат Юсупов Р, Акматов К окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна "Адамдын укугу", "Зордук-зомбулук", "Адамдын кадыр баркы" ж.б.у.с. актуалдуу көйгөйлөр боюнча жооп берип жана кызуу талкуулашты.