Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүндө илимий конференция өткөрүлдү

2023-04-26 03:26:31 93

ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин ,"Укук таануу жана укук коргоо" ишмердүүлүгү бүлүмүнүн окутуучулары Жуматаева Рахат, Ибрагимова Махабат, Арстанбаева Гулизат тарабынан 24-апрель саат-11:00до "Трансплантологияны укуктук жөнгө салуунун актуалдуу көйгөйлөрү" аттуу темасында илимий конференция өткөрүлдү.Конференцияда коноктор ОшМУнун теология факультетинин "Дин таануу жана гуманитардык предметтер" кафедрасынын окутуучусу Тажибаев Санжарбек, ОшМУнун медицина колледжинин директорунун орун басары Батаев Абдилашим ж.б. окутуучу жана студенттер баяндама жасашты.Жыйынтыгында суроо-жооптор откорулуп тема кызуу талкууга алынды.