Финансы жана банк иши ПЦКда сабак-саякат

2023-04-26 04:29:54 161

Бүгүн 25-апрель күнү Уюмдардын (ишканалардын) экономикасы дисциплинасынан сабак-саякат "Барбол" өндүрүштүк фабрикасында болуп өттү. Студенттер рынок экономикасындагы ишканалардын өндүрүштүк структурасы, ишкананын негизги каражаттары, жүгүртүү каражаттары, ишкананын эмгек персоналдары, эмгек өндүрүмдүүлүгү, ишкананын өндүрүштүк чыгымдары, өздүк нарк жөнүндө теориялык алган билимдерин практикада бышыкташып, жеринде ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ишкананын тиешелүү кызматкерлери тарабынан кызыктырган суроолого жоопторду ала алышты. Ата Мекендик “Бар бол” кондитердик фабрикасы 2007-жылы негизделген. Ошондон бери аталган ишкана Кыргызстандын Түштүк жергесин кондитердик азыктар менен эч үзгүлтүксүз камсыз кылып келе жатат. Ош шаарынын бюджетине омоктуу салып кошуп, жарандарга жумуш орундарын түзуп, а түгүл бир катар социалдык долбоорлорду ырааттуу жүзөгө ашырууга дагы такай көмөктөшөт. Соңунда продукциялардын түрдүү ассортименттеринен дегустация, кофе-брейк уюштурулду. Сабак-саякат финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучусу Муратова Чолпонай Каримовнын демилгеси менен уюштурулду.