“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ: ТАРЫХЫ, АЗЫРКЫ УЧУРУ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ”

2023-05-12 05:15:20 156

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы №21 “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин “УТжУКИ” окутуучулары тарабынан 2023-жылдын 28-апрель күнү “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ: ТАРЫХЫ, АЗЫРКЫ УЧУРУ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ” аттуу республикалык студенттик илимий – теориялык конференция өткөрүлдү. Конференцияга КРнын легендарлуу парламентинин депутаты Мурзакаримова Айкокуль Мурзакаримовна, Казахстан Республикасынын аль-Фараби атындагы улуттук университетинин ректорунун кеңешчиси, ю.и.д., профессор Дуйсенов Эркин Эрманович (онлайн), Россия Федерациясынын Кикотя атындагы Москва университетинин Кылмыш жаза укугу кафедрасынын ю.и.д., профессор Кадников Николай Григорьевич (онлайн), Ош шаардык мэриясынын өкүлү Иманбеков Советбек, Ош шаардык мэриясына караштуу жаштар комитетинин өкүлү Бектурган Мизамидин уулу, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттер катышты. Конференцияда КРнын Конституциянын кабыл алынышы, көйгөйлөрү, тарыхый аспектилери, жакынкы чет мамлекеттердин конституциялары менен салыштырма анализ жүргүзүлүп алардын өзгөчөлүктөрү боюнча баяндамалар жасалды. Ошондой эле конституциянын 30 жылдык тарыхында болгон олуттуу өзгөрүүлөр, көйгөйлөр жана аны чечүү боюнча келечектеги жаш юристтердин пикирлери угулду. Конференциянын жыйынтыгында мыкты баяндамачылар, жетекчилери дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланды: “Эң мыкты баяндама” номинациясындагы диплом менен ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин “укук таануу” адистигинин Уто-2-21 тайпасынын студенти Мамутова Анжелика. “Мыкты баяндама” Казахстан Республикасынын студенти Меллат Каламкас Думанкызы, Кыргыз улуттук университетинин студенти Батырбекова Кундуз. I даражадагы диплом менен Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл-аралык университетинин студенти Таалайбекова Аяна . II даражадагы диплом менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ПВ9-1-20 тайпасынын студенти – Сүйүнбек уулу Эрнис . III даражадагы диплом менен “Мурас” инновациялык колледжинин 2-курсунун ПНК-9а-21 тайпасынын студенти – Айбек кызы Адина. Ош шаардык мэриясына караштуу жаштар комитетининардак грамотасы менен төмөнкү студенттер сыйланды: ОшМУнун юридика факультетинин 1ЮРб-22 тайпасынын студенти Байкабылова Бегимай Усоновна; Ош шаарындагы Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык факультетинин ПВ-21 тайпасынын студенти Мамырова Нуржаннат Мамасалиевна; Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл-аралык университетинин студенти Джаанбаева Нургиза Каныбековна; Ош шаарындагы көп профилдүү колледжинин студенти Абдыкадырова Гүлмүрөк Санжаровна. Ал эми калган баяндамачылар активдүү катышгандыгы үчүн “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ” менен сыйланышты.