«Сүрөттөр экономиканы сүйлөйт» аттуу Брэйн–Ринг акыл таймашы

2023-05-12 09:27:21 143

Финансы жана банк иши ПЦКсында 2023-жылдын 26-апрель күнү илим жумалыгына карата «Сүрөттөр экономиканы сүйлөйт» аттуу Брэйн–Ринг акыл таймашы уюштурулду. Таймашты ФБИ бөлүм башчысы Абдрахманов О.Э. ачып берди. Таймашка Финансы (тармактар боюнча) жана Банк иши адистиктеринде билим алып жаткан студенттерден түзүлгөн командалар катышышты. Таймаш 3 тур менен ойнотулду жана катышуучу, көрүүчү студенттердин арасында кызыгууну жаратуу менен жогорку деңгээлде өттү. Таймашта калыстар тобунун мүчөлөрү Асилбек кызы Жыпар, Тойчубекова Гулдана, Каримова Гулмира эжекелер оюндун жүрүшүн көзөмөлдөп, жеңүүчүлөрдү аныктап беришти. Жыйынтыгында биринчи орунду “Инсайдер” командасы (ФКК-1-21), экинчи орунду “Финансисттер” командасы (ФКК11-2-22 (р)), үчүнчү орунду “Банкирлер” командасы (БДК11-1-22) алды.