“МАТЕМАТИКА БАРДЫК ИЛИМДЕРДИН АЧКЫЧЫ”

2023-05-13 06:52:57 189

2023-жылдын 25-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинде уюштурулган илимий жумалыкта Физика, математика ПЦКсы тарабынан уюштурулган “Математика бардык илимдердин ачкычы” аталышындагы интеллектуалдык иш чара уюштурулду. Иш чараны ФЮКтун директору э.и.к., доцент Исаков Н.Ж. жана ФМ ПЦКнын төрайымы ф.-м.и.к.,доцент Г.А.Калдыбаева ачып беришти. Иш чарада “Физика, математикалык - ринг”интеллектуалдык таймашы болду. Таймаш 4 тур менен ойнотулуп жана катышуучу, көрүүчү студенттердин кызыгуусун жаратты. Таймашта калыстар тобунун мүчөлөрү Примкулов Б, Кожобекова У, Абдылдаева А. агай-эжекелер оюндун жүрүшүн көзөмөлдөп, жеңүүчүлөрдү аныктап беришти. Андан сырткары студенттер тарабынан кызыктуу эксперименттер жүргүзүлүп, мыкты моделдер сынагы болду. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты.