Финансы жана банк иши ПЦКнын студенттери Кыргыз Текстиль ишканасына экскурцияга барышты

2023-05-13 08:11:05 150

Финансы-юридикалык колледжинин экономика багытынын 2-курсунун студенттери Ош шаарында жайгашган жалпы аянты 32 гектарды ээлеген КЫРГЫЗ ТЕКСТИЛЬ тигүү фабрикасына өндүрүштүк экскурсияга барышты. Студенттерди Кыргыз Текстиль ишканасынын генералдык директору Учкун Ташбаев жеке өзү тосуп алып, башынан акырына чейин өндүрүштүк процесс жана өндүрүштүк циклдин жүрүшү менен кеңири тааныштырып чыкты жана студенттер тарабынан суроолор өтө көп болгондугу бизди да жетекчиликти да кубандырды. Бул экскурсиядан максат, колледжде окутулуп жаткан Ишкердиктин негиздери дисциплинасынын кесиптик жана жалпы компетенциялардын өндүрүштүк процесске байкоо жүргүзүү менен, ишкердикти уюштуруунун жалпы түзүлүшү боюнча жеринен маалымат алышып, кесиптик жөндөмдөрдүн калыптануусуна максаьтуу жардам берүү. Бул иш чараны уюштурууга Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучусу Шаирбек Аскаралиев, Асылбек кызы Жыпара, Алиева Дилафруз эжеке агайлар көмөк көрсөтүштү