"Физиканы окутууда окутуунун заманбап технологияларын колдонуунун айрым учурлары" аттуу методикалык семинар

2023-05-19 04:15:26 117

2023- жылдын 12- майында Финансы-юридикалык колледжинин ФМ ПЦК сынын окутуучулары У. Кожобекова жана Н. Усмановалар "Физиканы окутууда окутуунун заманбап технологияларын колдонуунун айрым учурлары" деген темада методикалык семинар өтүштү. Окутуунун технологиялары, окутуунун педагогикалык технологиялары, окутуунун методдору боюнча негиздүү маалыматтарды угушту. Семинарда учурдун талабына ылайык сабакты кызыктырып өтүүнү интерактивдүү методдорду колдонуу менен ишке ашыруу эффективдүү болору баяндалды. Окутуунун заманбап он технологиялары, муз жаргычтардын түрлөрү, креативдүүлүк, активдештирүүдө студенттерди орундуктарга отургузуунун жолдору боюнча билимдер камтылган презентацияларды көрсөтүштү.