Математика предметинен аудиториядан тышкаркы иштер окутуунун формасы катарында атуу усулдук семинар.

2023-05-19 11:32:39 144

2023- жылдын 18- майында Финансы-юридикалык колледжинин ФМ ПЦКсынын окутуучулары Шарип кызы Акибаткан жана М.Бекиевалар "Математика предметинен аудиториядан тышкаркы иштер окутуунун формасы катарында" деген темада усулдук семинар өтүштү. Семинарда математика предметинен аудиториядан тышкаркы иштердин түрлөрү, формалары жана аларды пайдалануунун эффективдүүлүгү боюнча негиздүү маалыматтарды угушту. Семинардын жүрүшүндө аудиториядан тышкаркы иштердин түрлөрү, формалары кенири баяндалып, аларды өткөрүүнүн тартиби көрсөтүлүп, окутуучуларга тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында студенттердин программалык материалдарды өздөштүрүүсүндөгү билимдерин кенейтүү жана терендетүү үчүн аудиториядан тышкаркы иштерди уюштуруунун эффективдүү болоору талкууланды.