“Окутуунун тегерек столу” деген аталыштагы окуу-методикалык семинар болуп өттү.

2023-05-24 05:50:51 160

Финансы- юридикалык колледжинин “Табият таануу” ПЦКсында 19-май күнү саат 15-00дө “Окутуунун тегерек столу” деген аталыштагы окуу-методикалык семинар болуп өттү. Семинарга катышкандар: 1. Табият таануу ПЦК нын төрагасы –Сатывалдиев Д.Р. 2. Табият таануу ПЦКнын окутуучусу-Камбар к.Ж. 3.Табият таануу ПЦКнын окутуучусу- Беккулов М.И. 4. Табият таануу ПЦКнын окутуучусу- Сагирова Н.А. 5. Табият таануу ПЦКнын окутуучусу-Эргешова Дж. 6.Табият таануу ПЦКнын окутуучусу-Кудайберди к.З. 7.Табият таануу ПЦКнын лаборант-Абылова Т.К. Семинарда төмөнкү окутучуулардын баяндамалары угулду. 1. Алибаев Абдыганы- “Окутуунун салтуу усулдары” 2. Апишова Анар Рискуловна – “Окутуунун тегерек стол методу” Өз ичине бир нече көз караштагы ойлорду камтыган кандайдыр бир теманын тегерегинде талкуу жүргүзүүнүн бир формасы болуп саналат. Мындан сырткары, сабак өтүүдө илимий-практикалык конференцияларды, конкурстук иш чараларды жана ата-энелер чогулуштарын өткөрүүдө дагын колдонууга болотургандыгына токтолушту. Ошондуктан сабактар же окуу процессине тиешелүү болгон иш чаралар тегерек стол формасында өткөрүлгөндө, студенттер же окуучулар маалыматтарды бир топ жеңил жана жеткиликтүү кабыл алары белгиленди. Бул метод студенттердин (окуучулардын) таанып билүү ишмердүүлүгүн уюштурууда окутуунун активдүү методдорунун бири катары колдонууга боло тургандыгын белгилешти.