1-Сентябрь Билим майрамы

2023-09-02 09:12:57 149

2023-жылдын 1-сентябрында Финансы-юридикалык колледжинде "Билим майрамы" болуп өттү. Майрамдык салтанатка ОшМУнун инвестициялар жана өнүгүү боюнча проректору, э.и.д., Токторов Кубаныч Кадырмаматович конок болуп эмгек жааматына жана студенттерге ОшМУнун ректору профессор К.Г. Кожобековдун кайрылуусун окуу менен, ийгиликтерди каалады. Финансы-юридикалык колледжинин директору Исаков Нургазы Жолболдуевич жана Атантаев Турсункул агай жаны окуу жылы менен жалпы студенттерди жана эмгек жааматын куттуктап, каалоо-тилектерин айтып өтүштү.