ФЮКта –тазалык биринчи орунда!!!

2023-09-09 08:05:12 159

ФЮКта үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрь күнү дирекциянын графигине ылайык, “Укук таануу “ адистигинде окуп жаткан УКК-4-23 тайпасынын студенттери жана куратору А. Абдылдаева тарабынан окуу жайдын жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы таштандыларды шыпырып тазалашты. Аталган иш-чаранын максаты айлана чөйрөнү тазалоо менен экологияны сактоо жана адамдардын ден-соолугуна болгон камкордукту күчөтүүнү көздөдү. Жогорудагы белгиленген территорияны тазалоо иштеринин жыйынтыгында, студенттердин сыймыктануу менен пластикалык жана экологиялык таштандыларды ташып жатышкандыгына окуу жайдын жамааты жана жергиликтүү жашоочулар ыраазычылыктарын билдиришти. Окуу жайда мындай коомдук иштер жолго коюлган жана ирээти менен дайыма атакарыла бермекчи.