«Студент кыздардын окуу жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү жана кийинүү маданияты»

2023-09-26 16:02:55 101

2023-жылдын 22- сентябрында финансы-юридикалык колледжинин аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы А. тарабынан 1- курстарынын студент кыздарына «Студент кыздардын окуу жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү жана кийинүү маданияты» деген темада жыйын өтүлдү. Жыйынга колледждин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г. Тойчубекова жана тайпалардын кураторлору катышып, кыздарга таалим- тарбия багытында бир нече маалыматтарды жана кийинүүнүн маданияты боюнча акыл – насаат сөздөрүн айтышты жана студент кыздар да өз ойлору менен бөлүшүп, талкуулашты. Жыйынтыгында кыздардын окуу жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү жана кийинүү маданияты талапка ылайыктуу болушу айтылды.