"Аялдарга жана балдарга карата зордук - зомбулуктун алдын алуу"

2023-10-19 19:13:12 126

2023-жылдын 17- октябрында Ош мамлекеттик университетинде «Аялдарга жана балдарга карата зордук - зомбулуктун алдын алуу» аталышындагы форум болуп өттү. Иш-чара республикалык “Аялдар кеңеши” бирикмеси менен Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэри Н.Кадыров, республикалык “Аялдар кеңеши” бирикмесинин төрайымы А. Алтыбаева, ОшМУнун ректору К. Кожобеков, Ош шаарындагы ЖОЖдордун аялдар кеңешинин төрайымдары, психологдор жана студенттер катышты. Иш-чарага финансы-юридикалык колледжинин аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы А. жана колледждин студент кыздары катышып келишти. Иш-чара аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, аялдардын жана балдардын коомдогу орду, коопсуздук эрежелери боюнча жеткиликтүү маалыматтар айтылды.