ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР - ФЮКта...

2023-10-23 06:32:04 104

2023-жылдын 20-октябрь күнү чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана Консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн 2023-2024-окуу жылынын октябрь айындагы чет өлкөлүк студенттердин документтерин текшерүүгө карата ички рейддин графигине карата ФЮКтун Медиа борборунда чет өлкөлүк (Россия Федерациясы, Тажикистан) студенттери менен ОшМУнун Эл аралык бөлүмүнүн кызматкерлери жана чет элдик студенттер менен иштөө боюнча жооптуу Н. Далбаев жолугушту. Жолугушууда окуу жайдагы чет өлкөлүк жарандыгы бар, жарандык ала элек жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооп берип, документ иштери боюнча кеңири маалымат айтышты жана аларды каттоого алышты. Жолугушуу, студенттер үчүн жемиштүү болгонун жана окуу жайдын дирекциясы тарабынан уюштуруучулук иштери алгылыктуу жүргүзүлгөндүгүн коноктор баса белгилешип, ыраазычылык билдиришти.