“Бухгалтердик эсеп жана салык” ПЦКсында конок лекция

2023-10-30 09:32:31 62

2023-жылдын 20-октябрь күнү экономика жана бухгалтердик эсеп, салык жана салык салуу адистиктеринин 1-курсунун ННК-1-23, ННР-2-23 тайпаларынын студенттерине Ош шаардык салык инспекциясынын “Акциздик салык” бөлүмүнүн башчысы Абдырай уулу Асылбек агай келип, Кыргыз Республикасынын салык системасынын бүгүнкү күндөгү абалы жана төлөнүп жаткан салыктар жөнүндө кеңири маалымат берди. Конок лекцияда студенттерге салык инспекциясынын тарыхы, бөлүмдөрү, салыктык көрсөткүчтөрү боюнча кеңири маалымат берилди. Жыйынтыгында, студенттер кызыккан суроолорду беришип, канааттандыраарлык жооп алышты.