Финансы жана банк иши ПЦКнын өкүлдөрү илимий-практикалык конферецияда

2023-11-13 06:29:09 198

2023-жылдын 16-октябрында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университетинин 70 жылдыгына арналган “Аймактык экономиканы туруктуу өнүктүрүүсү” темасында Эл аралык, кесиптик орто окуу жайлары арасындагы илимий-практикалык студенттик конференция болуп өттү. Конферецияга ННК-1-22 тайпасынын студенти Абидинова Акмарал жана илимий жетекчиси Финансы жан банк иши ПЦКнын окутуучусу э.и.к. Муратова Чолпонай Каримовна менен биргеликте катышты. Конференция онлайн жана оффлайн форматта болуп өттү. Студенттик конференцияда азыркы жаштарды талдоо призмасы аркылуу ар бир облустун экономикасын өнүктүрүүнү талкуулоо, ошондой эле келечекте анын өнүгүүсүнүн теориялык жана практикалык тенденцияларын негиздөөгө салым кошуу жөнүндө талкуулар, пикирлер айтылды. Соңунда катышуучулар сертификат жана ыраазычылык кат менен сыйланышты.