«Сергек жашоо жана ден-соолук»

2023-11-20 04:16:50 116

2023-жылдын 15-октябрь күнү ОшМУда жарыяланган «Сергек жашоо жана ден-соолук» жылына жана 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнүнө карата уюштурулган финансы жана банк иши адистиктеринин 1-курсунун тайпалар ортосунда эстафета оюндары боюнча таймаш болуп өттү. Бул иш-чара ФБИ ПЦКсы тарабынан уюштурулуп, окутуучулар, ФБИ болумунун башчысы Абдрахманов О.Э. жана дирекордун 1-курстар боюнча орун басары Тойчубекова Г.К. катышышты. Иш-чарага катышкан студенттер дипломдор, номинациялар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.