“Окуу жана илимий эмгек” сынагынын жыйынтыгы

2023-11-22 03:46:55 96

ОшМУнун Финасы-юридикалык колледжинин Табият таануу ПЦКсынын төрагасы п.и.к., доцент Д.Р.Сатывалдиев “Окуу жана илимий эмгек” сынагында 2022-2023-жылдарында жарык көргөн эмгеги үчүн “МЫКТЫ МОНОГРАФИЯ-2023” номинациясы боюнча ДИПЛОМ менен сыйланат. Заман талабына ылайык бүгүнкү учурда Кыргыз республикасынын орто мектептеринде мамлекеттик тилде билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана аны колдонуу зарылдыгы пайда болууда. Ошол эле учурда, дидактиканын негизги принциптеринин бири катары предметтер аралык байланышты өркүндөтүү зарылдыгы өзүнөн өзү учур талабы катары каралууда. Мына ошол максаттан алганда аталган илимий монография орто мектептерде окутулуп келе жаткан химиялык, физикалык түшүнүктөрдү окутууну уламалуулук принцибинин негизинде химиялык, физикалык түшүнүктөрдү маалыматтык технологиянын негизинде окутуунун критерийлерин, педагогикалык талаптарын иштеп чыккандыгы менен актуалдуу.