Финансы жана банк иши ПЦКда куратордук саат болуп өттү

2023-11-23 05:37:56 149

Финансы жана банк иши ПЦКда куратордук саат болуп өттү. 22-ноябрь күнү БДК11-1-23 тайпасына куратордук саат Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү атайын адистештирилген реаблитациялоо борборунда өткөрүлдү. Тайпанын студенттери аталган борбордун атайын кызматкерлери менен жолугуп, андагы тарбияланып жаткан балдар, алар үчүн каралган шарттар менен таанышып чыгышты. Адис менен пикир алмашуу учурунда: улан-кыздарга жүрүм-турум маданияты, бүгүнкү коомдо болуп жаткан терс окуялар, алдын алуу жолдору , билим алып жаткан жаштар адис эле эмес ар бири келечектеги ата -эне экендиги жана алардын жоопкерчилиги өтө маанилүү экендиги айтылды. Студенттер балдар үчүн атайын даярдалган таттууларды жана кеңсе буюмдарын белекке беришти. Бүгүнкү куратордук саат тайпанын куратору окутуучу Муратова Ч.К.тарабынан уюштурулду.