БЭжС ПЦКсында конок лекция

2023-11-30 04:10:14 153

2023-жылдын 30-ноябрь күнү “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин бүтүрүүчү студенттерине конок лекция уюштурулду. Конок лекцияга ОшМУнун “Бизнес жана менеджмент” факультетинин “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын доценти Бекмуратов Алтынбек Топчуевич чакырылып, “Биологиялык активдердин эсеби” деген темада лекция окуду. Аталган тема агайдын илимий ишинин темасы болгондуктан сабак жемиштүү болду. Андан сырткары бүтүрүүчүлөрдү жогорку билим алууда, адистиктерин тандоодо кеңештер берилди.