«Үй- бүлөөнү пландаштыруу жана кыздардын гигиенасы»

2023-12-04 05:22:04 105

2023-жылдын 29- ноябрында финансы-юридикалык колледжинин аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы Акибаткан тарабынан 1- курстарынын студент кыздарына «Үй- бүлөөнү пландаштыруу жана кыздардын гигиенасы» деген темада жыйын өтүлдү. Жыйынга колледждин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г. Тойчубекова жана иш-чаранын спикери ОшМУнун медицина факультеттинин акушердик жана гинекология кафедрасынын окутуучусу Субанова Аида эжекелер катышып, кыздардын гигиенасы боюнча жеткиликтүү маалыматтарды жана үй- бүлөөнү пландаштыруу боюнча акыл – насаат сөздөрүн айтышты жана жолугушуунун жүрүшүндө студент кыздар суроолоруна жооп алышты. Жыйынтыгында кыздардын өз ден- соолугуна кам көрүүсү зарыл экендиги баса белгиленип айтылды.