Биздин студенттер- ишкердин укуктарын билишет...

2023-12-04 05:29:03 105

2023-жылдын 30-ноябрь күнү ФжБИ ПЦКсынын окутуучусу Анарбай кызы Айпери “Ишкердүүлүктүн негиздери” дисциплинасынан УКК-1-23, УКК-2-23 тайпалары менен биргеликте “Ишкерлердин укуктарын коргоо” темасынын алкагында Ош облусунун Административдик сотуна экскурсияга барышты. Ош облусунун Административдик сотунун судьясы Р.Дж. Калдыбаев жана Ош облусунун Административдик сотунун улук катчысы А.Бараков соттун имараты, аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери жана ишкерлердин укуктары тууралуу кенен маалымат беришти. “Ишкерлердин укуктарын коргоо” темасынын максаты студенттерге ишкердик жана бизнес жүргүзүүдө жарандар кандай укуктарга ээ болоорун окутуу болуп саналат жана экскурсиялык сабак максатына жетти. Ошондой эле судья Р.Дж. Калдыбаев студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип кеп-кеңештерин айтты.