Кайрымдуулук иш-чарасы

2023-12-06 08:13:53 109

ФЮКтун ФжБи ПЦКсынын окутуучулары Райимбердиева Жаннат Курманбековна, Алиева Дилафруз Мурваиджановна, Таабалдыева Гулзина Абдрахмановалар куратордук: ФКК-11-1-23, ФКР-2-21, БДК-2-22 тайпалары менен биргеликте 04.12.2023ж. күнү кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту. Аталган иш-чара төмөндөгү борборлордо жүргүзүлдү: 1. Ош шаарындагы “Боорукердик” Үй-интернаты; 2. Ош шаарындагы “Балдарды жана үй-бүлөнү атайын адистештирилген реабилитациялоо борбору”. Иш-чара эки максатта уюштурулду: 1. Карыяларга жана балдарга алынган каражаттарды (тамак-аш, кийим-кечек, идиш ж.б.) тапшыруу менен кайрымдуулук иш жасоо; 2. Жеринен болочоктогу ата-энелерге тарбиялык саат өтүү. Жогорудагы карыялар үйүнүн жашоочуларынын жана балдар үйүнүн кесипкөй, көп жылдык тажрыйбасы бар адистеринен алган баалуу кеңештерди угуу менен студенттер ыраазычылыгын билдиришти.