Академиялык мобилдүүлүк аркылуу кызматташуу

2023-12-08 08:06:42 96

2023-жылдын 7-декабрында ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин Укуктаануу жана укук коргоо ишмердиги бөлүмүнүн башчысы, ю. и. к., Орозбаева А. К. жетектеген окутуучулар жана студенттер академиялык мобилдүүлүктүн алкагында БатМУнун Баткен Көп тармактуу колледжинин укуктаануу адистигинин 2-3-курстарына лекция окуп келишти. Окутуучуларды колледждин директорунун орун басары, секция башчысы, Сапат жана мобилдүүлүк боюнча адиси, окутуучулар жылуу тосуп алып, окуу жайдын окуу корпусу, материалдык-техникалык базасы, окутуучу-профессордук курам менен тааныштырышты. Окуу жадыбалына ылайык Орозбаева А. К. Кылмыш-жаза укугу предметинен "Менчикке каршы кылмыштар" темасында, Жээнбаева А. Ж. КРнын конституциялык укугу предметинен "КРнын Президентин шайлоо" темасында, Абдикеримов Ж. Б. Криминалистика предметинен "Криминалистикага киришүү" темасында, Зайиров А. Х. МУТ предметинен "Мамлекеттин түшүнүгү жана белгилери" темасында лекция өтүп беришти. Финансы-юридикалык колледжинин укуктаануу, укук коргоо адистигинин студенттерин курсуна карап, группаларга бөлүштүрүп сабактарга катышуусун камсыздап, кураторлор жана тайпалардын студенттери менен тааныштыруу аземи болуп өттү. 8-декабрь күнү БатМУнун Көп тармактуу колледжинин укуктаануу адистигинин студенттери менен биргеликте Баткен облусттук прокуратурасында болуп өткөн ачык эшиктер күнүнө катышышты.