ФЮКтун финансы жана банк иши ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери экскурсияда

2023-12-11 04:41:01 62

ФЮКтун финансы жана банк иши ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери 8-декабрь күнү КРнын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде экскурсияда болушту. КРнын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Момбекова Бермет Малакановна тарабынан студенттерге нумизматика музейи жөнүндө, улуттук банктын акча-кредит саясатын жүргүзүүсүн, акчалардын пайда болуусун, акчалардын туура колдонуу маданиятын кеңири түшүндүрдү. Музейдеги нумизматикалык монеталардын түрлөрүн, Улуттук банктын санариптештирүү иш чаралары боюнча да өтө баалуу маалыматтарды айтып берди. Студенттерге кызыктуу экскурсия жана пайдалуу сабак болду