Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары жана студенттери ААК “Ош Ак-Таш” кирпич заводунда болушту

2023-12-12 07:48:37 118

11-декабрь күнү ФКК11-2-22 (р), ФКК11-1-22, ФКР-1-21 тайпаларына теманын алкагында кезектеги экскурсиялык сабак ААК “Ош Ак-Таш” кирпич заводунда болуп өттү. Студенттерге заводдун ишмердүүлүгү боюнча: эмгек акы, башкаруу персоналдары, кызматкерлерге түзүлгөн шарттар, кадрдык документация, ишкананын рентабелдүүлүгү, өндүрүштүн кубаттулугу жана бүгүнкү убакта тартылып жаткан инвестициялар жөнүндө кенен маалыматтар берилди. Жалпысынан айтканда азыркы учурда “Ош Ак-Таш” ачык акционердик коому республиканын түштүгүндөгү бирден бир иштеп турган ири ишкана. Анткени бул ишкана Кыргыз Республикасы базар экономикасына өткөн мезгилден баштап, рыноктогу ордун жоготпой, жаңы экономикалык шартта өзүнүн ишмердүүлүгүн арттырып стабилдүү өнүгүп бара жатат. Оштогу кыш заводу 1929-жылы уюштурулуп, жергиликтүү элге узак жылдар бою кызмат көрсөтүп келет. Аталган Ошотогу кыш заводу 1950 –жылдары реконструкцияланып өзүнүн өндүрүштүк көлөмүн 17 млн. даана кыш чыгарууга жетишкен. Ал эми 1993-жылдан тартып 709820 сомдук уставдык капиталы менен завод “Ак Таш ” акционердик коому болуп кайра түзүлгөн. Бүгүнкү экскурсия Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары Асилбек кызы Жыпара, Муратова Ч., Карыбеков А. тарабынан уюштурулду.