Финансы жана банк иши ПЦКсында куратордук сабак өтүлдү

2023-12-15 05:12:56 80

14.12.2023-жылы ФЮКтун финансы жана банк иши ПЦКсынын окутуучусу, БДК-1-23 тайпасынын куратору Каримова Гульмира Алимжановна “Ата-эне – бала тарбиясындагы негизги түркүк” деген темада ачык куратордук сабак өттү. Кайсы доордо, кайсы коомдо болбосун, адамдын мойнундагы эң негизги милдеттеринин бири бул - таалим-тарбия берүү болуп келген. Мунун башкы максаты – балдарды адам болууга тарбиялоо, жан дүйнөсү таза, ыймандуу, илим-билимдүү муунду жетилтүү, маданияттуу, эмгекчил, дени сак күчтүү коомду түзүү. Адамдын руханий дүйнөсүнүн тазалыгына багытталган тарбия жаш муунду изгилик бешигине бөлөйт, жаркыраган келечекке алып барат. Адамдын кулк-мүнөзү, иш-аракети, карым-катнашы, көз карашы, анын алган таалим-тарбиясына көз каранды экенин эске алганда, ар бир баланын моралдык өнүгүүсү үчүн кам көрүү – бүкүнкү күндүн негизги милдети жана талабы болуп эсептелет.