ФЮКтун сутденттери мобилдүүлүк боюнча Стамбул жана Денизли шаарында.

2023-12-25 04:07:59 41

ФЮКтун теология багыты боюнча орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу PhD Абдуганиев Асилбек Памуккале университетинин окуутуучулары жана Гайе фондунун мүчөлөрү профессор Осман Айдынлы жана доцент Махмуд Языжы менен жолугуп, жайкы каникулда теология колледжинин окутуучуларынын тажрыйбасын жана студенттеринин билимин жогорулатуу максатында академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Ушул макулдашуунун негизинде теология колледжинен 5 студент Гайе фондунун Стамбул шаарындагы борборунда 1 ай, ал эми Денизли шаарындагы ислам изилдөө борборунда 15 күн жалпы 45 күн Араб тили, Куран жана Фикх сабактарын тажрыйбалуу окутуучулардан үйрөнүп келишти. Студенттердин жатаканасы, тамак-ашы жана окуусу Гайе фонду тарабынан каржыланды. Буюрса 2023-2024-окуу жылынын аягында теология колледжинин студенттери жана окутуучулары жогорудагы келишимдин негизинде аталган окуу жайга академиялык мобилдүүлүккө катышып келмекчи.