БЭжС ПЦКсында куратордук ачык сабак.

2023-12-25 04:12:09 48

2023-жылдын 14-декабрь күнү “Бухгалтердик эсеп жана салык” ПЦКсынын ННК-1-23 тайпасынын куратору Касымбекова Жумагул Токтобаевна “Билимдүүгө дүйнө жарык” деген темада ачык куратордук сабак өттү. Кайсыл коомдо болбосун, инсандын эң негизги милдеттеринин бири бул- билим-тарбия болуп келген. Бул тарбиялык сабактын башкы максаты – адамгерчиликтүү, билимдүү, чынчыл болуу, ыймандуу болууга, маданияттуу, өнөрлүү, эмгекчил болууга жол көрсөтүү болду.