Саламдашуунун мааниси жана саламдашуунун адеби

2024-01-09 03:36:27 81

2023-жылдын 28- декабрында финансы-юридикалык колледжинин ФМ ПЦКсынын окутуучусу Шарип кызы Акибаткан тарабынан ФКР-3-23 куратордук тайпасына «Саламдашуунун мааниси жана саламдашуунун адеби» деген темада ачык куратордук саат өтүлдү. Ачык сабакка ФМ ПЦКсынын окутуучулары Бакалбай кызы Гулина, Таалайбекова Айсулуу ж.б. катышышты. Куратордук саатта студенттерге жеткиликтүү, пайдалуу маалыматтар айтылып, студенттер топтордо активдүү иштешип, кызыктуу талкуулар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында студенттер ар бир инсан менен туура саламдашып, учурашып жүрүүсу менен адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялануусу жана аны адатка айландыруусу зарыл экендиги баса белгиленип айтылды.