СТУДЕНТТЕР- ЖЫЛДЫН БАШТАЛЫШЫН ТАЗАЛЫК МЕНЕН БАШТАШТЫ!!!

2024-01-20 06:31:27 90

2024- жылдын 18- январь күнү дирекциянын графигине ылайык, “Финансы“ тармактар боюнча адистигинде окуп жаткан ФКК-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан окуу жайдын айланасын, А. Масалиев жана А. Шакиров көчөлөрүн бириктирген кыска көчөнү жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы таштандыларды шыпырып тазалашты. Аталган иш-чаранын максаты айлана чөйрөнү тазалоо менен экологияны сактоо жана адамдардын ден-соолугуна болгон камкордукту күчөтүүнү көздөдү. Жогорудагы белгиленген территорияны тазалоо иштеринин жыйынтыгында, студенттердин сыймыктануу менен пластикалык жана экологиялык таштандыларды ташып жатышкандыгына окуу жайдын жамааты жана жергиликтүү жашоочулар ыраазычылыктарын билдиришти. Окуу жайда мындай коомдук иштер жолго коюлган жана ирээти менен дайыма аткарыла бермекчи.