ФЮКта квалификацияны жогорулатуу боюнча семинар башталды

2024-01-30 05:38:16 125

27.01.2024ж. күнү Финансы-юридикалык колледжинде “Натыйжага багытталган окутуу технологиялары” аттуу 72 сааттык семинар башталды. Семинарды ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору, п.и.к., доцент Т.А.Жороев өтүүдө. Аталган семинардан окутуучулар сабак өтүүдөгү студенттер үчүн жеткиликтүү, заманбап усулдарды колдонуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышууда. Семинар ФЮКтун директору, э.и.к., доцент Н.Ж.Исаков жана ФЮКтун окуу-усулдук жооптуусу, э.и.к. Ж.К.Райимбердиеванын демилгеси менен уюштурулду.