1-курстарынын студенттерине укук бузуулардын алдын алуу боюнча тарбиялык жолугушуу

2024-02-07 04:40:03 70

2024- жылдын 6- февралында ФЮКтун 1-курстарынын студенттерине ОшМУнун студенттеринин жана профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча тарбиялык жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн графигине ылайык саат 14:00 го 2- сменандагы окуган студенттер менен жолугушуу 117- аудиторияда болуп өттү. Жыйынга, Ошмунун Коопсуздук кызмат бөлүмүнүн башчысы Арзиев Нурлаким Маматкулович, ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Майрамбек уулу Баястан, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-буура милиция болумунун жашы жетеэлек оспурумдор менен иштоо инспектору милициянын капитаны Джаныбаев Руслан Торогелдиевич, окуу жайдагы тайпанын кураторлору жана предметник окутуучулары катышышты. Студенттердин жыйынга катышуусун камсыздоо директордун 1- курстар боюнча орун басары Г. Тойчубекова жана ар бир тайпа кураторго жүктөлгөн. Жыйында кылмыштуулуктун түрлөрү, алдын алуу иштери боюнча маалыматтар, окуу жайдын ички тартиби жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тууралуу маалыматтар айтылып аны сактоо эскертилди.