Фюктун студенттери ички аскерлердин 703 аскер бөлүгүндө

2024-02-13 08:51:11 182

Бүгүн Ички аскерлердин 703 аскер бөлүгүндө Ооган жеринен Советтик армиянын чыгарылганынын 35 жылдыгына карата иш чара өткөрүлдү. Иш чарага ФЮКтун УКР-6-23,УКР-8-23, УКР-12-23 группалары катышышты. Аскер бөлүгүндө студенттер курал- жарактар, казарма, машыгуу залы,эс алуу жайы,музей менен жеринен таанышышты. Мындай иш чаралар студенттердин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, аскер турмушун тааныштыруу максатында уюштурулуп келет. Иш чарага "Социалдык иштер жана АЧД " циклынын окутуучусу камдагы подполковник Ж.Д.Самидинов жетектеп барды.