ДИЛБАЯНДАР АТ САЛЫШУУДА...

2024-02-17 06:32:50 159

2024 – жылдын 15- февраль күнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө буйругунун негизинде “Эне тил – улуттун жүзү, сыймыгы” деген темада дил баяндар сынагы 1-курстун “Финансы тармактар боюнча”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Салык жана салык салуу” жана “Банк иши” дадистигинде окуган студенттердин ортосунда болуп өттү. ФЮКтун 1- курстар боюнча д.о.б. Г.К. Тойчубекова жана уюштуруучу окутуучулар Г. Төлөнова, Мадалиева Г. жана Г. Бөрүбековалар, студенттерге дил баян сынагында мекенге, эне тилге болгон патриоттук сезимдерин билдирүү аркылуу өз ойлорун жазууга аракет кылуусуна багыт беришти. “ Эне тил – улуттун жүзү, сыймыгы” деген темадагы дил баяндар сынагынын жыйынтыгы төмөнкүдөй чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды: I орун: Сатыбалдиева Айбийке ФКР-3-23 тайпа II орун: Турсунбекова Анеля ЭБК-1-23 тайпа III орун: Акматова Уулкан УКК -4-23 тайпа Жунусова Асема ЭБК-2-23 тайпа Мындай иш чаралар студенттердин оз тилин сыйлоого, кадырлап-барктап сүйлөөгө жана дайыма сыйлоо менен мамиле кылууга жол ачты деп ишеним билдиребиз.