ЭНЕ ТИЛИ ЖАНА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ!!!

2024-02-17 06:35:29 165

Эне тилин эл аралык майрамдоонун алкагында 2024-жылдын 16- февралында ЭБК-5-23 тайпасынын студенттерине ФЮКтун окутуучусу, техниги М. Бакашов «Эне тили жана жасалма интеллект» аталышындагы практикалык сабагын өттү. Сабакта берилген материалдар студенттердин жасалма интеллекттин кыргыз тилиндеги “Акылай” аттуу версиясы боюнча маалыматтардан турду жана студенттердин кызыгуусун арттырып, мындан ары да өз алдынча изилдөөгө шарттар түздү. Студенттер аталган тема абдан кызыктуу болгонун баса белгилешти.