Сулуулук сырлары, беттин терисине туура кам көрүү

2024-02-27 04:17:38 125

2024-жылдын 26- февралында финансы-юридикалык колледжинин аялдар кенешинин төрайымы Шарип кызы Акибаткан тарабынан 1- курстун студент кыздарына «Сулуулук сырлары, беттин терисине туура кам көрүү» деген темада жыйын өтүлдү. Жыйынга колледждин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г. Тойчубекова жана иш-чаранын спикери врач, косметолог Тажидинова Дильфуза эжекелер катышып, сулуулуктун сырлары жана кыздардын бетинин терисине туура кам көрүүсү боюнча жеткиликтүү маалыматтарды айтышты, жолугушуунун жүрүшүндө студент кыздар кызыккан суроолоруна жооп алышты жана ыраазычылыктарын билдиришти. Жыйынтыгында, кыздардын өз ден- соолугуна, бетинин терисине туура кам көрүүсү зарыл экендиги баса белгиленип айтылды.