“АК КЕМЕ” драмасы- миф менен азыркы адамдардын нравалык-моралдык сапаттары, учурдун адептик-ыймандык курч проблемалары... сахнада чагылдырылды.

2024-03-06 03:48:51 86

ОшМУнун маданий-массалык иштер жана тарбия бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2024-жылдын 3-март күнү саат 14:30да Бабур атындагы Ош мамлекеттие академиялык өзбек музыкалуу драм театрында атактуу Ч. Айтматовдун “Ак-кеме”аттуу спетакли коюлуп, ага ФЮКтун Тс9-1-23 тайпасынын студенттери тайпа куратору Ж. Атазов менен биргеликте барышты. Кыргызстандын жаштарын патриоттуулукка чакырган Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повести жазуучунун даңкы жалпы дүйнөгө катуу тарап жаткан кезде жазылган жана анда миф менен азыркы адамдардын нравалык-моралдык сапаттары таразаланып, учурдун адептик-ыймандык курч проблемалары көтөрүлгөндүгүнө премьеранын көрүүчүлөрү дагы бир жолу ынанышты.