"Кыргызстандагы орто кесиптик юридикалык (укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү) багыты боюнча билим берүүчү окуу жайларынын ортосундагы ассоциация"

2024-03-10 14:32:17 119

Финансы-юридикалык колледжде, 2024-жылдын 6-март күнү "Кыргызстандагы орто кесиптик юридикалык (укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү) багыты боюнча билим берүүчү окуу жайларынын ортосундагы Ассоциация" түзүү жөнүндө жыйын болуп өттү. Жыйындын катышуучулары: 1. Ош МУ, Финансы-юридикалык колледжи. 2. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети. 3. Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжи. 4. Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу институту. 5. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика-юридикалык колледжи. 6. Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек университетинин кесиптик колледжи. 7. Ош ТУнун Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.