ФЮКта жаңы кабыл алынган окутуучулар сабак өтүштү

2024-03-11 04:35:45 164

2024 -ж. 7-март күнү Физика, математика ПЦКна жаңы жумушка кирген жаш окутуучулар Билал к.Д., Култаева Б., Тойчиева А., Элчибек к. Э. ачык сабактарды өтүштү. Сабактарга ОшМУнун окутуунун сапаты жана усулдук камсыздоо бөлүмүнүн адистери М. Нурмаматова, М. Розыкова, ФМ ПЦКнын башчысы Калдыбаева Г.ФМ ПЦКнын усулдук жооптуусу У. Кожобекова жана ФМ ПЦКнын окутуучулары катышты. Жаш окутуучуларга методикалык жардам берүү максатында өз сунуштарын айтышты. Мындан сырткары сапат бөлүмүнүн жетекчиси п.и.к., доцент М.М. Былыкова тарабынан окутуучунун портфолиосун түзүү жөнүндө бир топ сунуштамалар берилип, жардам көрсөтүлдү.