ФжБИ ПЦКсында конок лекция

2024-03-19 07:02:37 80

2024-жылдын 19-марттында ФжБИ ПЦКсынын окутуучусу Каримова Гульмира БДК-1-21, БДК11-1-22 тайпаларына “ Банктык маркетинг” дисциплинасынан “Банктарда атаандаштык стратегияларын ишке ашыруу” деген темада конок семинардык сабак өттү. Конок семинардык сабакка Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун Ош шаарындагы регионалдык офисинин кредиттик документтерди баалоо боюнча консультанты Каримов Эркин келип, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Конок семинардык сабакта банктагы бөлүмдөр, кредиттер, кредиттердин түрлөрү, акча которуулар, депозиттер жана банктык маркетингдин түрлөрү, банктык маркетинг стратегиялары боюнча кеңири маалымат берилди. Студенттер банк боюнча өздөрүнун кызыккан суроолорун берип, жоопторун алышты. Конок семинардык сабак бүтүрүүчү 3-курстун Банк иши адистиктеринин студенттерине келечекте банктарда иштөөсүнө өбөлгө түзөт.